Нарында чабандарды жайыттарга түшүрүү чаралары көрүлүүдө

Аймак 16 сентябрь 2026 12:30
1083_KpOcOrD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
WhatsApp Image 2026-09-16 at 10.05.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 10.05.38.jpeg
Алдыга
Артка
1083_KpOcOrD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webpquality-65.webp
WhatsApp Image 2026-09-16 at 10.05.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-16 at 10.05.38.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда алыскы жайыттарда жүргөн чабандарды жакынкы жана коопсуз жайыттарга көчүрүү боюнча иштер күчөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин аталган облустагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маселе боюнча райондордо онлайн жыйындар өткөрүлүп, учурдагы абал жана кыш мезгилине карата аткарылуучу иштер талкууланды.

Жыйындарда чабандарды коопсуз жайыттарга өз убагында көчүрүү, райондук жарандык коргонуу кызматтары менен айыл аймактарынын биргелешкен ишин уюштуруу жана маалымат алмашууну күчөтүү маселелерине көңүл бурулду.

Тиешелүү кызматтарга коопсуздукту камсыз кылуу жана уюштуруу иштерин өз убагында жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.