Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айылында Сары-Булак – Арчалы – Оруктам унаа жолунун 6–11-чакырымдар аралыгында жол куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун айрым тилкелеринде жер жумуштары аткарылып, жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Буга чейин жолдун 2 чакырым аралыгында асфальт басуу иштери аткарылган.
Учурда калган 3 чакырым тилкеде жер жумуштары жүрүп жатат. Аталган тилкеде жолдун негизин даярдоо, тиешелүү инженердик иштерди жүргүзүү жана кийинки этаптагы курулуш иштерине даярдык көрүлүүдө.