Нарында Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдыгы белгиленет

Маданият
Нарында Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдыгы белгиленет
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру, обончу Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракесине карата Нарын шаарында маданий иш-чаралар өтөт.

М. Рыскулов атындагы облустук академиялык музыкалык драма театрынан билдиришкендей, мааракенин алкагында 3-ноябрда С. Ахмаддын "Келиндер козголоңу" комедиясы, 4-ноябрда Эдуардо де Филиппонун "Цилиндр" спектакли көрсөтүлөт. Ал эми 5-ноябрда концерттик программа тартууланат. Иш-чаралар аталган театрда өтөт.

Кенжекул Мендебаиров 1946-жылы 7-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Ал 1977-жылдан бери Нарын облустук музыкалык драма театрында эмгектенип, кыргыз сахнасында бир катар көрүнүктүү образдарды жараткан.

Актёрлук өнөр менен катар обон чыгармачылыгы менен да алектенген. "Сулууларга суктанууга акым бар", "Кечирип кой", "Соң-Көл" сыяктуу ырлары менен элге таанылган.

Мааракелик иш-чаралар актёрдун театр жана музыка искусствосуна кошкон салымын белгилөөгө арналат.