Мөңгү, суу жана климат: Кыргызстанда маанилүү диалог өттү

Экология 8 октябрь 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.18.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.11.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.25.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-08 at 11.54.18.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкекте климаттын өзгөрүшү жана жаратылышты коргоо боюнча Улуттук диалог өттү. Иш-чара БУУнун климат жана биологиялык ар түрдүүлүк боюнча алдыдагы эл аралык жыйындарына даярдык көрүүгө арналды. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Диалогго мамлекеттик органдардын, БУУ системасынын, эл аралык уюмдардын, илимий-эксперттик коомчулуктун, каржы институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.

Анда Кыргызстандын тоолуу аймактарга байланышкан күн тартибине өзгөчө көңүл бурулду. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына, тоо экосистемаларына жана кооптуу жаратылыш кубулуштарынын тобокелдигине түздөн-түз таасирин тийгизип жаткандыктан, гидрометеорологиялык байкоо, болжолдоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү маанилүү экени белгиленди.

Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу, илимий мониторинг жана эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Катышуучулар климаттык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн гидрометеорологиялык кызматтардын, өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүчү органдардын, суу жана айыл чарба тармактарынын, илимий коомчулуктун, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү жамааттардын өз ара кызматташуусун күчөтүү зарылдыгын белгилешти.