Көңүл буруңуз! 12-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

Коом 9 март 2026 11:20
1773028022_large.jpeg
1773027979.jpeg
Алдыга
Артка
1773028022_large.jpeg
1773027979.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.03.26 /Кабар/. 12-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейин Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү – темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу берүү токтотулат.

Суу "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.