Мамлекет курган ири объекттер: Курулушка кеткен каражат өзүн актайбы?

Коом 26 Август 2026 18:30
578806922_1392894222845208_7473637165747167128_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары ири объекттер мамлекеттин эсебинен каржыланып курулууда. Алар чекесинен курулуп бүтүп, пайдаланууга берилип жатат. Анын ичинде саммит, конференциядан тартып спорттук иш-чараларды, концерттерди өткөрүүгө ылпайыкталган имараттар бар. “Кабар” агенттиги аларга сарпталган каражат канчалык деңгээлде өзүн актай ала турганына саресеп салат.

“Ынтымак Ордого” жанаша салынган “Ырыс Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилип, эшигин ачты. Эң алгач эле бул аянтчада 20дан ашык өлкө лидерлерин чогултан ШКУ саммити өткөнү жатат. Мамлекеттик каражаттын эсебинен курулган имаратта эми ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

778972790_1457262056542847_6472987443354544665_n.jpg

Мында бир эле учурда 2 миңден ашык конокту кабыл ала турган конгресс борбордо конференц-зал, пресс-зал, ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган чакан залдар бар.

WhatsApp_Image_2026-08-13_at_12.19.00.width-800

Бишкектеги дагы бир ири курулуштардын бирин "Бишкек Арена" стадиону толуктамакчы. Бул стадион Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Борбор Азияда эң чоң стадион болмокчу. Бир убакта 51 миң көрүүчүнү батыра алат. Долбоор боюнча стадион FIFA`нын талаптарына төп келет. Стадион миңдеген адам келе турган аянтча болгондуктан, ырчы, аткаруучулардын концерттерин өткөрүүгө ыңгайлуу болуп саналат. Буга чейин мындай стадион курулбагандыктан, ырчылардын концерттери коңшу өлкөлөрдө өтүп, кыргызстандык музыка сүйүүчүлөр ошол жакка барууга аргасыз эле. Эми минтип “Бишкек Арена” спорттук мелдештерден тышкары, концерттер, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрө турган аянтчага айланат. Стадиондун долбоорунда Bishkek Аrena Mall да курулду. Анда соода жайлар, кинотеатр, ресторан, кафелер, дүкөндөр жайгашат.

580618254_1392895069511790_8248274409498364171_n

Спорттук жайлардын катарын дагы бир арена толуктады. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн “Жаштык Арена” спорт комплекси 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Бул жерде спорттук мелдештерди гана эмес, эл аралык турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө болот. Арена пайдаланууга берилгенден бери ондогон форум, көргөзмө, концерттер өттү. Азыр да иш-чара өткөрүүгө камынган каалоочулардын саны арбын экени айтылууда.

637650805_26016664877953509_7794980067724981641_n

Тоо койнунда жайгашкан “Ала-Арча” жаратылыш паркынын инфраструктурасы толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мындай шарттар Кыргызстанда тоо туризмин сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүүгө салым кошууда. Бул ири объекттер толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулду. Алдыда дагы ири мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 2020-жылы “Ала-Арча” паркынын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.52.00.jpeg

“Ырыс Ордо”, “Бишкек Арена” курулушуна канча каражат сарпталса, алар эртеби-кечпи өзүн актай тургандыгы белгиленүүдө. Мында эң башкысы, өлкөнүн имиджин дүйнөгө таанытууга өбөлгө болуп берет. Ошол эле маалда келечек муунга кала турган ири объекттердин бири болуп калат.

“Бишкек Арена“ сыяктуу ири объекттерде туура башкаруу аркылуу анын күнүмдүк чыгымдарын жаап, узак мөөнөттүү киреше алып келүүгө же мамлекеттик бюджетке кошумча жүк салбай иштетүүгө болот. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине билдирди.

Iskender-SHarsheev.width-800

Анын айтымында, стадиондун туруктуу каржыланышын камсыз кылуу үчүн анын жанында үч кабаттуу Bishkek Arena Mall соода борбору каралган. Соода борборунан түшкөн ижара жана башка кирешелер стадионду тейлөөгө жана өнүктүрүүгө жумшалат.

“Бул мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүрбөө максатын көздөйт. Мындай ыкма кошумча коммерциялык объекттердин кирешеси аркылуу стадионду каржылоо модели деп аталат. Мындан тышкары, арена улуттук курама команданын жана клубдардын беттештеринен, эл аралык турнирлерден, концерттерден жана маданий иш-чаралардан киреше таба алат. Тамак-аш жана суусундук сатуу, унаа токтотуучу жайлар, жарнама, демөөрчүлүк, стадиондун аталышын пайдалануу укугу, телетрансляциялар жана коммерциялык жайларды ижарага берүү дагы туруктуу киреше булактары болуп эсептелет”, - деди ал.

Бул пикирге экономика илимдеринин доктору Сагынбүбү Чолбаева да кошулат. Ал белгилегендей, мамлекеттин каражатына салынган ири объекттер ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү менен өлкөнүн дүйнөнүн булуң-бурчуна таанып, туристтердин келүүсүнө жол ачмакчы.

ChatGPT_Image_29_iyun._2026_g._18_06_34.width-800
“Бишкек Арена” стадионун айтсак, башка имараттарда орундар аз болгондуктан, концерттерге барууну каалаган кишилер билет калбай калып кирбей калышчу эле. Мына ушундай объекттердин курулушу менен дүйнө жүзүнөн ар кандай иш-чаралар өткөрүлсө, каражат мамлекеттик бюджетке түшөт. Курулушка кеткен каражат өзүн ушундай жол менен кайтарып берет”, - деп эсептейт Сагынбүбү Чолбаева.