Кыргызстанда дүйнөлүк жылдыздардын чыгармачылыгына суктанган, алардын музыкасына жан дили менен күйөрмандык кылган музыка сүйүүчүлөрүнүн саны абдан көп. Атактуу артисттер планетанын кайсы гана бурчуна концерт койбосун, атайын билет сатып алып, алыскы өлкөлөргө барып, сүйүктүү инсандарынын өнөрүнө күбө болуп келген кыргызстандыктардын катары калың. Мына эми борбор калаабызда заманбап талаптарга жооп берген "Бишкек Арена" стадиону курулган соң, дүйнөлүк жылдыздардын грандиоздуу шоу-концерттеринин жарнамалары жарыялана баштады. Себеби, буга чейин алар бизде концерт берүүгө ылайыктуу чоң ареналар жок болгондугу үчүн келчү эмес. "Кабар" агенттиги миллиондогон жүрөктөрдү дүрбөлөңгө салып, миңдеген көрүүчүлөрдү бир чатырдын астына чогулткан мындай масштабдуу концерттердин аркасы менен жергиликтүү бюджетке кандай пайда келерине саресеп салат.

Кыргызстандыктар чыдамсыздык менен күткөн “Бишкек Арена” стадионунун курулушу аяктап, алгачкы көрүүчүлөрүн 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кабыл алды. 51 миң адамды батыра ала турган алып каражаттагы стадион көргөндүн көзүн суктантып, коңшу өлкөлөрдү да таңдантууда.
Алдыда, 5-октябрда стадиондун расмий ачылышы өткөрүлүп, унутулгус чоң шоу-программа тартууланары күтүлүүдө. Ага улай эле дүйнөгө атактуу колумбиялык ырчы Шакиранын Бишкекте грандиоздуу концерт коё тургандыгы тууралуу кабар Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй коңшу өлкөлөргө да желдей тарап, музыка сүйүүчүлөрүнүн толкундоосун жаратты.

Миңдеген көрүүчүлөр агылып келе турган масштабдуу концерттердин аркасы менен өлкөнүн казынасына канча киреше түшөрү баарыбызга эле кызык болсо керек. Бул багытта алыс кетпей эле, акыркы убактарда дүйнөлүк жылдыздарды байма-бай кабыл алып жаткан коңшу Казакстандын тажрыйбасына кайрылып, ачык булактардагы маалыматтарга үңүлдүк. Мисалы, дүйнөгө белгилүү ырчы Энрике Иглесиас жакында эле Казакстанга келип, 3-сентябрда Астанада, ал эми 5-сентябрда Алматы шаарында жеке концертин берди.

Концерттин уюштуруучулары эки күн бою миңдеген көрүүчүлөрдүн башын бириктирип, унутулгус музыкалык кече аркылуу элге чыныгы майрамдык маанай жана жагымдуу эмоцияларды тартуулай алганына сыймыктанышарын белгилешүүдө.

Туризм индустриясынын өкүлдөрүнүн баамында, аталган жылдыздын жалгыз эле Астана шаарында концерт коюусу шаардын экономикасына 3,5–5 миллиард теңге (болжол менен 11 миллион доллар) киреше алып келген. Бул көрсөткүчкө чет өлкөлөрдөн жана өлкөнүн башка аймактарынан келген туристтердин мейманканаларда жашоосу, ресторандардын кызматынан пайдалануусу, ошондой эле транспорт жана соода тармактарына жумшаган каражаттары толук киргизилген. Муну менен катар, концерттик билеттерди сатуудан да миллиондогон киреше түшкөнү белгиленүүдө.

Дагы бир мисал, ушул жылдын 15-августтунда Алматыга реп ырчысы Канье Уэст концерт берди. Концертти 31 миң адам көргөн. Анын ичинде 50дөн ашык мамлекеттен келген 7700 турист да бар. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, БАЭ, АКШ, Кытай, Улуу Британия, Германия жана башкалар өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрү болду.
Ал эми Канье Уэсттин бул иш-чарасы шаарга 5 млрд теңгедей (11 млн долларга жакын) пайда алып келди.
Чет өлкөлүк коноктордун келиши менен мейманкана, транспорт, ресторан жана башка тейлөө кызматтарына суроо-талап жогорулаган.
Мындай концерттер дүйнөлүк деңгээлдеги артисттердин гастролдорунун Борбор Азияга багыт алып жатканынан кабар берет.
Туризм тармагы боюнча адис Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, “Бишкек Арена” эми эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жол ачууда. Бул өз кезегинде өлкөнүн туристтик имиджин жогорулатууга да таасирин тийгизе алат.

“Көчмөндөр оюндарын өткөргөндөн кийин улуттук жана эл аралык маанидеги иш-чаралардын өтүүсүнө стадион чоң өбөлгө болот. “Бишкек Аренаны” пайдаланууга берүү менен биз көп жылдардан бери эңсеп жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын келишине жол ачылат. Буга чейин зарыл инфраструктуралык шарттар жок болгондуктан алар коңшу өлкөлөргө гана барып калышчу. Дүйнөлүк турнелер бизде өткөн эмес. Ошондуктан мындай заманбап инфраструктуралардын курулушу ири маданий-спорттук иш-чараларды өзүбүздө өткөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө”, — деп эсептейт Азамат Жаманкулов.
Өз кезегинде туризм тармагынын билги эксперти Күлчоро Кадыралиев "Бишкек Аренанын" сахнасында ушундай дүйнөлүк масштабдагы сыйкырдуу кечелерди өткөрүү туризм тармагынын канат байлап өсүшүнө кубаттуу дем берерин терең толкундоолор менен белгилейт. Бишкек өңдүү кооз борбор үчүн мындай глобалдык маданий жараяндар тууган жерди, деги эле бүтүндөй Кыргызстандын ажайып кооздугун жана кайталангыс маданиятын бүткүл дүйнөлүк кеңири аудиторияга жар салып тааныштыруунун эң көркөм, эң нукура жолу болуп саналат. Мындай жан дүйнөнү дүрбөлөңгө салган агылуулар тейлөө кызматтарына болгон жогорку суроо-талаптын отун тамызып, меймандос өлкөнүн туризм индустриясын жана шаардын казынасын жаңы бийиктиктерге көтөрүүгө түздөн-түз кең жол ачат.

"Тарыхыбызда биринчи жолу дүйнөлүк масштабдагы 51 миң орунга ылайыкталган стадион курулду. “Бишкек Арена” жөн эле стадион эмес, Кыргызстандын кайталангыс улуттук колоритин чагылдырган, көркүнө көз тойбогон боз үй формасындагы керемет имарат болду. Бул улуу стадиондун курулушу ата мекендик экономикага өзгөчө дем берип жатат жана туризм тармагынын жаңы бийиктиктерге чыгуусуна түздөн-түз себепкер болот. Мурда биз чоң концерттерди кичинекей спорт ордосунда да өткөрүп калдык, бирок ал жактагы шарттар замандын талабына толук жооп берчү эмес. Эми кандай гана ири иш-чара болбосун, замандын бардык ыңгайлуу шарттары түзүлгөн “Бишкек Аренада” жогорку деңгээлде уюштура беребиз. Ал эми мына ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги концерттер сыяктуу ири иш-чараларды өткөрүү аркылуу өлкө казынасына да зор каражат түшөт",-дейт ал.
Дүйнөнүн көңүлүн бурган бул заманбап стадиондо мезгил талабына ылайык концерттик программаларды гана эмес, эң жооптуу спорттук мелдештерди да жогорку деңгээлде өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Эми миңдеген музыка сүйүүчүлөрүн жана күйөрмандарды топтой турган концерттер, кызыктуу футболдук беттештер өзүбүздүн мекенибизде өтсө, мекендештерибиз алыскы өлкөлөргө барып убара тартып, түйшөлбөй эле өз жеринде руханий ырахат алып, убактысын жана каражатын кыйла үнөмдөй алары талашсыз.

Эксперттер белгилешкендей, стадионго иш-чараларды уюштуруу өлкөгө агылчу туристтердин агымын көбөйтүп, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ал эми экономикага аз эмес өлчөмдө акча каражат алып келери шексиз.
Чет өлкөдөн агылып келген миңдеген туристтер жана музыка сүйүүчүлөрү тек гана эс алуу менен чектелбей, жергиликтүү чакан жана орто бизнестин өсүшүнө дем берет. Улуттук колориттеги кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди даярдаган чеберлердин, гиддердин, заманбап кафе-ресторандардын жана мейманканалардын кызматына болгон суроо-талап кескин жогорулайт. Мунун натыйжасында ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, өзгөчө меймандостук жана тейлөө тармагында эмгектенген жаштар үчүн миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул өз кезегинде тейлөө маданиятын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүп, шаардын экономикалык жашоосун дагы да жандандырат.