Белгилүү дүйнө жылдызы Шакира Бишкекте концерт коёт

Маданият
Белгилүү дүйнө жылдызы Шакира Бишкекте концерт коёт
copyright icon WWW

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. 18-октябрда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира Las Mujeres Ya No Lloran World Tour деп аталган дүйнөлүк турунун алкагында Бишкекте концерт коёт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Концерт "Бишкек Аренада" өтөт. Бул Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болмокчу.

Концертке билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө башталат.