Футбол: Улуттук курама Бишкекте эки жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 25 сентябрь 2026 12:30
Футбол: Улуттук курама Бишкекте эки жолдоштук беттеш өткөрөт
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы сентябрь жана октябрь айларындагы ФИФАнын тартибине ылайык эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жаңы башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов жетектеген команда 28-сентябрда саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын курамасы менен беттешет.

Ал эми 4-октябрда саат 20:00дө Кыргызстандын футболчулары Ливандын улуттук командасы менен ойнойт.

Беттештер Кыргызстандын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын алкагында өтмөкчү.

Оюндарга билеттерди Ticketon платформасынан сатып алууга болот. Оюндар жүрүп жаткан учурда күйөрмандар үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулуп, алардын арасында iPhone ойнотулат.