Былтыр шаарларды өнүктүрүү үчүн 1,155 млрд сом бөлүнгөн

Экономика 22 сентябрь 2026 13:10
Былтыр шаарларды өнүктүрүү үчүн 1,155 млрд сом бөлүнгөн
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Былтыр шаарларды өнүктүрүү программасы боюнча жалпы 1 млрд 155 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Токмок шаарына – 164 млн сом, Талас шаарына – 200 млн сом, Кербен шаары – 450 млн сом, Балыкчы шаары – 32,1 млн сом, Таш-Көмүр шаарына – 190 млн сом, Токтогул шаарына – 19,4 млн сом, Манас шаарына – 100 млн сом бөлүнгөн.