Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Көз карандысыздык күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, сыйлангандардын катарында белгилүү театр жана кино ишмерлери да бар:
- Темирлан Сманбеков — Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисти;
- Болот Тентимишов — театр жана кино актеру, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси.
Эки маданият өкүлүнө тең "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардактуу наамы ыйгарылды.