Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда "Бишкек Арена" стадионунда чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Буга байланыштуу көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан стадионго шаттл-автобустар уюштурулду.
Мэриядан билдиришкендей, көрүүчүлөрдү жеткирүүнү үчүн 250 шаттл-автобус тартылат.
Концерт саат 19:00дө башталат. Ал эми шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт:
- №1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) – "Бишкек Арена";
- №2 шаттл-автобус: Матиев көчөсү (Алтымышов көчөсү, 98/1) – "Бишкек Арена";
- №3 шаттл-автобус: Жаштар кварталы (Малдыбаев көчөсү, 275/Б) – "Бишкек Арена";
- №4 шаттл-автобус: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – "Бишкек Арена";
- №5 шаттл-автобус: "Ынтымак" паркы – "Бишкек Арена".
Концерттик программа аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат.
"Ошол эле учурда 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштейт. Каттамдардын санын кыскартуу, иштөө режимин өзгөртүү же коомдук транспорттун кыймылын токтотуу каралган эмес", - деп белгилешти мэриядан.