“Бала ырысы”: кезектеги жөлөк пул 11-сентябрга чейин төлөнөт

Коом 9 сентябрь 2026 11:45
“Бала ырысы”: кезектеги жөлөк пул 11-сентябрга чейин төлөнөт
copyright icon Www

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөк пулду алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, программа ишке кирген июль айында 191 миң 796 арыз түшкөн. Учурда арыздардын саны дээрлик 52 миңге көбөйүп, 26,6% өстү.

Арыздардын 83%ы “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө, 17%ы аймактык бөлүмдөр аркылуу берилген.

Учурда келип түшкөн арыздар этап-этабы менен иштетилип, маалыматтар кошумча текшерилүүдө. Бул төлөмдөрдүн туура эсептелип, дайындалышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүдө.

Кезектеги төлөм арыздар иштелип чыккандан кийин 10–11-сентябрга чейин төлөнөт.

Белгилей кетсек, “Бала ырысы” жөлөк пулу төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки ар бир балага айына 1 200 сомдон берилет. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдарга төлөм райондук коэффициенттерди эске алуу менен эсептелет.