Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды жогорку түшүм алуу үчүн азыртан аракет кылып баштоого чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, алгач кайсы өсүмдүктү себүү керек, кайсы өсүмдүктөр пайда алып келди, кайсы жерде зыян болду, кандай агротехникалык каталарды оңдоого болоруна талдоо жүргүзүү зарыл.
Ал эми топурактын нымдуулукту сактоосун, түзүлүшүн, физикалык жетилүү мөөнөттөрү сыяктуу алтын эрежени балоону эстен чыгарбоо керек.
Топурактын агрохимиялык анализин жана айландыруу планынын негизинде минералдык жана органикалык жер семирткичтер, гербициддер, инсектициддер жана фунгициддерге болгон муктаждыкты эсептөөгө болот.
Топурактын курамын сактоо жана оңдоо оорулар менен күрөшүүнүн негизги куралы.
Андан кийин сыналган, өзгөчөлүктөрү аймакка ылайыктуу сорттордун үрөнүн сатып аларда сапат сертификаттарын текшерүү керек.
Уруктарды дарылоо менен сиз оору зыянкечтердин алдын алган болосуз.
Ошондой эле тракторлор, себкичтер, жер семирткич чачкычтар, комбайндар сыяктуу айыл чарба техникаларын толук текшерүү абзел.
Техниканы алмаштыруу же жаңыртуу керектигин талдалып, кышында оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө ыңгайлуу шарт экенин белгилейбиз.
Кыш – бош отуруу мезгили эмес, келеки жылды аныктоочу стратегиялык чечимдердин убагы. Даярдыкты азыр баштоо менен үрөн себүү мезгилинде гана стресстен сакталбастан, 2026-жылдын туруктуу жогорку жана пайдалуу түшүмү үчүн бекем негиз саласыңар.