Кенияда европалык туристтерди ташыган учак кырсыкка учурады

Дүйнө Загрузка... 29 Октябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-10-29 at 08.13.13.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Кенияда чет элдик туристтерди ташыган чакан учак кырсыкка учурап, 11 адам каза болду.Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, учакта он бир адам — кениялык учкуч, сегиз венгр жараны жана эки немис жүргүнчүсү болгон. Баары каза болушкан.

Масаи Мара улуттук коругуна бара жаткан учак Диани шаарындагы учуу-конуу тилкесинен 40 чакырым алыстыктагы дөңсөөлүү, токойлуу жерге кулаган.

Укук коргоо органдары кырсыктын себебин иликтеп жатышат. Кырсык болгон учурда катуу жамгыр жаап жатканы кабарланган. Күбөлөр катуу жарылуу үнүн укканын билдиришкен.

Учурда кырсык болгон жерде тез жардам кызматтары иштеп жатат.

Масаи Мара коругу Кениянын эң популярдуу туристтик жайларынын бири болуп саналат жана болжол менен 1 миң 510 чарчы чакырым аянтты ээлейт.