Келерки аптада кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алышат

Коом 11 март 2026 11:30
Келерки аптада кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алышат

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Келерки аптада кыргызстандыктарды узак майрамдык эс алуу күндөрү күтөт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орозо айт майрамы 20-мартка (жума) туш келет.

Андан кийин ишемби күнү Нооруз майрамы белгиленерин эске алганда, республика тургундары катар менен үч күн эс алышат:

  • 20-март (жума) — Орозо айт;
  • 21-март (ишемби) — Нооруз;
  • 22-март (жекшемби) — кадимки эс алуу күнү.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жаңы Эмгек кодексине ылайык, майрам күндөрү ишемби же жекшембиге туш келсе, эс алуу күндөрүн жылдыруу тартиби жоюлган.