Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунда спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар өтөт.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында:
- “Биримдик кербени” оюн-зоок программасы;
- “Көчмөн кайрык”, “Бий ыргак” жана “Саркеч” сынактары;
- “Шамдагайлар” боз үй тигүү жана жыйноо сынактары;
- кыргыз-казак төкмө акындарынын “Ырчылардын ыр өрөөлү” айтышынын финалы;
- “Кыз-жигит Сармеден” эл аралык оюн-зоок программасы;
- “Башат” чыгармачылык программасы жана байыркы кыргыз жоокеринин зоот-кийимдеринин реконструкциясынын бет ачары өтөт.
Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр айылы”, “Этно-базар”, “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы”, “Кичи көчмөн”, “Достук” жана “Жер эне” ордолорунда улуттук тамак-аш, каада-салт, кол өнөрчүлүк жана маданиятка арналган сынактар, чебер-класстар, концерттер, этно-дефиле жана улуттук оюндар өтөт. Ошондой эле “Шамал-фест”, “Алтын Казык”, “Кереметтүү космос” программалары жана эл аралык кулинардык сынактын жарым финалы уюштурулат.
Кырчын этно шаарчасындагы спорттук аянтта:
дистанциялык ат марафону, ордо, тайган жарыш, ат үстүндө жаа атуу, жаа атуу, аркан тартыш, стронгмэн жана сөөк сындыруу боюнча мелдештер өтөт. Көрсөтмө оюндар да уюштурулат.
Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында:
көкпар, тыйын эңмей жана көк бөрү боюнча мелдештер өтөт.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда:
кунан чабыш, бышты жорго, кыска аралыкка ат чабыш, топ байге, жорго салыш жана аламан ат чабыш боюнча мелдештер өтөт.
“Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде:
казак күрөшү, гюлеш, гуштини милли камарбанди жана хапсагаи боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда:
“Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын “Күү күнү” программасы, “Нарк өнөр” мектебинин көргөзмөсү жана чебер-класстары, “Көчмөн шаңы” концерти, аспапчылык боюнча сынак жана чет элдик музыканттардын чыгармачылык жолугушуулары өтөт.
“Дордой-Номад” маданий-этнографиялык комплексинде:
“Номад Фест” эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы, “Этнобий”, “Этномода”, “Көчмөн жылдыздары” сынактары, концерттер, этно-көргөзмө жана кол өнөрчүлүк боюнча чебер-класстар уюштурулат.
Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда:
“Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек” аттуу эл аралык илимий конференция жана “Арт-Лаб” чыгармачылык программасы өтөт.
“Евразия” мейманканасында:
овари, мангала жана тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.