Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата даярдыктар текшерилди

Министрлер кабинети 10 сентябрь 2026 12:30
6aa24d37daebc (1).jpeg
6aa24d3a4e494.jpeg
6aa24d418d4f8.jpeg
6aa24d3805ed5.jpeg
6aa24d4200748.jpeg
Алдыга
Артка
6aa24d37daebc (1).jpeg
6aa24d3a4e494.jpeg
6aa24d418d4f8.jpeg
6aa24d3805ed5.jpeg
6aa24d4200748.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты. 

Минкаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты.  

Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы  бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет. 

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыздыктын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга  бир катар тапшырмаларды берди.