Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. Талас шаарында 11-сентябрда өтө турган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка кирүүчү бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор 11-сентябрда иш-чара өткөрүлүп жаткан убакытта жабылат.
Убактылуу чектөө төмөнкү көчөлөргө киргизилет:
- Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алымкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
- Бердике Баатыр көчөсү — Ч. Сатаев көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
- А. Оторбаев көчөсү — Ч. Сатаев көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин;
- А. Огомбаев көчөсү — Шамбетов көчөсүнөн Ч. Сатаев көчөсүнө чейин;
- Ч. Сатаев көчөсү — А. Огомбаев көчөсүнөн Бердике Баатыр көчөсүнө чейин;
- Ж. Мырзалиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин;
- Мадиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин.
ЖКККББ жарандардан жана айдоочулардан жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоону жана жолдо кызмат өтөгөн кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууну сурайт.