Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Баткен шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Салтанат өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин эстеликтерине гүл коюу жана куран окутуу менен башталды.
Андан соң борбордук стадиондо жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, Баткенде өндүрүлгөн айыл чарба жана өнөр жай продукциялары коюлган көргөзмө-жарманке уюштурулду.
Майрамдык программанын алкагында эмгек жамааттарынын жана спортчулардын парады өтүп, концерттик программа тартууланды. Ошондой эле кыргыз күрөшү, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча улуттук спорттук мелдештер уюштурулду.
Иш-чарага Баткен облусунун жана райондорунун жетекчилери, Өзбекстандын Сох жана Риштан райондорунун, Тажикстандын Исфара районунун өкүлдөрү катышты.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланууда.