Саналуу күндөрдөн кийин Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленет. 31-август Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУ саммитине туш келгендиктен майрамдык иш-чара сентябрь айына жылдырылган. Акыркы жылдары мамлекеттик деңгээлдеги майрамдар борбор калаада гана белгиленбестен, аймактарда өткөрүүгө өзгөчө маани берилүүдө. Ага ылайык, иш-чаралар өткөн аймактарда бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда өткөрүлө тургандыгы белгилүү болгондон тартып, аймактын өнүгүү багыты аныкталып, алдыга бир катар ири пландар коюлган. “Кабар” агенттиги Эгемендүүлүк күнүн утурлай Таласта кандай иштер жасалганын тизмектейт.
Быйылкы жылы эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленгени турат. Өлкөнүн негизги майрамы 11-12-сентябрда белгиленери маалымдалган. Былтыртан тарта эле облуста иш-чараны өткөрүүгө карата бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери башталган. Талас облусунда инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга 11 млрд сомго жакын каражат каралган.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, каражаттар шаардык инфраструктураны, туризмди, билим берүүнү жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган.
Кеңешбек Нуржанов атындагы аллея жаңыланууда

Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясы толугу менен жаңыланып, заманбап эс алуу багына айланууда. Аллея шаардын көркүнө көрк кошкон, эс алуу жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу жайлардын бирине айланат. Бул жерде шаар тургундары менен катар туристтер жана Таласка келген меймандар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аллеянын аймагында эс алуучу жайлар, дүкөндөр, китепкана, воркаут аянтчалары, Wi-Fi зонасы, фонтан жана башка заманбап инфраструктуралар каралган. Аллеяны жаңылоо иштери былтыр башталган.
5 миң орундуу борбордук стадион

Талас шаарында жаңы борбордук стадион пайдаланууга берилет. Долбоорго ылайык, стадион 5000 миң орунга ылайыкталган. Анын батыш жана чыгыш тарабында трибуналар, спортчулар үчүн бардык шарттар, медиа жана VIP-зоналар, ошондой эле VAR системасы каралган. Мындан тышкары, футболчулар үчүн жатакана, тамактануучу жай жана административдик бөлмөлөр болот. Стадион эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын апрель айында башталган.
“Акылман” лицейи окуучуларга эшигин ачат

Талас шаарында быйыл "Акылман" президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат. Лицей 920 орунга ылайыкталган. Анда окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлөт. Имаратта жатакана да бар. Окуу жай президенттин колдоосу жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын демөөрчүлүгү менен курулууда. "Акылман" президенттик лицейинде окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучулар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Айтматовдун ааламы

"Чыңгыз Айтматовдун ааламы" аттуу мемориалдык комплекс жазуучунун кичи мекени Шекер айылына курулуп жатат. Комплексте китепканалар, кинотеатр, эс алуу жайлары жана башка инфраструктуралар жайгашат. Бул жер жазуучулар чогула турган аянтчага айланып, Айтматовдун чыгармаларын кызыгып окуган жарандардын, чет өлкөлүк туристтердин келүүсүнө өбөлгө түзөт.
Талас шаарындагы борбордук мечит

Талас шаарындагы жаңы борбордук мечит 4200 адамга ылайыкталган. Мечит бардык талаптарга жооп бере турган шарттар менен камсыздалат. Имарат демөөрчүлөрдүн колдоосу менен салынды. Буга чейин Талас шаардык мэриясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мечиттин курулушу үчүн кошумча жер тилкелери бөлүнгөн.
“Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо иштеринин алкагында музейдин аянтын кеңейтүү жана имаратты бекемдөө иштери жүрдү. Мурда музейдин аянты 400 чарчы метр болсо, реконструкциядан кийин ал 1500 чарчы метрге чейин кеңеет. Ошондой эле музей заманбап талаптарга ылайык санарип искусство музейи болуп жаңыланып, жаңы экспонаттар коюлат. Мындан тышкары, 300 адамга ылайыкталган заманбап конгресс-холл, 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имарат да куруу каралган. Белгилей кетсек, “Манас Ордо” улуттук комплексинин жайгашкан аянты 225 гектарды түзөт. Комплекс курулушу аяктагандан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алат.
Талас мамлекеттик университенин жаңы имараты

Талас мамлекеттик университенин базасында алгач ирет аянты 5600 чарчы метрди түзгөн окуу имараттары курулду. Кампус студенттердин билим алуусу үчүн бардык жабдуулар менен камсыздалат.
Жарандар үчүн жаңы турак жайлар

Талас шаарынын тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан үйлөр курулган. Жакында эле алардын ачкычтары өз ээлерине тапшырылды. Жалпы 11 блоктон турган 319 батирлүү “Тынчтык Ордо” турак жай комплекси пайдаланууга берилди.
"Баластан" билим берүү жана көңүл ачуу борбору

Талас шаарында балдар үчүн билим берүү жана көңүл ачуу борбору – "Баластандын" курулушу аяктап жатат. Борбордо IT-мектеп, Кыргызстандагы алгачкы санарип борбор жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасына арналган музей иштейт. "Баластан" 7 гектар аянтта жайгашкан. Анын ичинен 20 миң чарчы метрге жакын аянт курулуш иштерине бөлүнгөн. Эки кабаттуу имараттардын биринде балдар маалыматтык технологияларды үйрөнө турган IT-мектеп жайгашат. Ошондой эле борбордун аймагында Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасына арналган Кыргызстан музейи иштейт. Ошондой эле "Баластанда" кинотеатр, балдардын көңүл ачуу борбору, "Балдар дүйнөсү" зонасы, фудкорт жана соода жайлары да каралган. Объекттин курулушуна 1,8 млрд сом багытталган.

Төө буурчакты кайра иштетүүчү завод
Завод Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак жана Кызыл-Сай айылдарынын ортосунда жайгашкан. Жалпысынан завод 2 гектардан ашык жерге курулууда.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, заводду курууга 200 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

“Бул каражат мамлекет тарабынан жеке ишкерге жеңилдетилген үстөк пайызы менен насыя катары берилди. Азыр заводдо курулуш иштеринин дээрлик аяктап калды. Заводдун негизги имараттары курулуп бүттү. Учурда жабдууларды орнотуу иштери башталды. 5-10 күн ичинде ал иштер да бүткөрүлөт”, - деди облус башчысы.
Эрмат Жумаевдин айтымында, жеңилдетилген негизде насыя берилип жатканда ишкер келишимдин алкагында төө буурчактын "Лопатка" сортун 135 сомдон кем эмес баада 7 жыл бою сатып алуу милдетин алган.
“Эл тараптан төө буурчактын Томат сортун да жогорулатып берүү боюнча бир канча кайрылуулар түшкөнүнө байланыштуу ишкер бул багытта да иш алып барууга аракеттерин жумшап жатат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, заводдо төө буурчак сорттолуп, сатууга чыгаруу үчүн таңгакталат. Ошондой эле кайра иштетилип, ботко жасалат.
Жаңы борбордук сейил бак
Жакында эле Талас шаарында борбордук сейил бак ачылып, пайдаланууга берилди. Бул сейил бак жалпы суммасы 165 млн сомду түзгөн бюджеттик каражаттын эсебинен курулду. Анда заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Ошондой эле Талас шаары үчүн 30 электробус сатылып алынды. Алар шаардагы коомдук транспортту толугу менен жаңылоого мүмкүндүк берет. Коомдук транспорт лизинг аркылуу алынды. Ага президенттин демилгеси менен бөлүнгөн каражаттан 180 млн сом каралган.

Мындан тышкары, облустун административдик имаратына толук капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Эгемендүүлүк майрамында жаңы флагштокко туу көтөрүлөт. Буга чейин эски флагшток демонтаждалган болчу.

Шаар ичинде 30 чакырымга жакын жаңы жол төшөлүп, 1 миңге жакын жарык берүүчү чырак жана 130 LED-экран орнотулду.
11-сентябрда Талас шаарында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 35 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленет. Эгемендүүлүк майрамын утурлай учурда облуста даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул майрамга карата концерттик программа уюштурулат. Ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк эстрада ырчылары катышат. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana, Hi-Fi, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.

Белгилей кетсек, былтыр эгемендүүлүк күнү мамлекеттик деңгээлде Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл Нооруз майрамы Нарын шаарында белгиленсе, 2025-жылы Нооруз майрамы Ош облусунда, 2022-жылы Баткен облусунда өткөн.