Касмамбетов: “Манас” борбору руханий күч менен биримдиктин ордосуна айланат

Коом Загрузка... 23 Март 2026 18:10
WhatsApp_Image_2026_XNIO53P.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бүгүн биздин өлкөдө бүтүндөй эл чогулуп, “Манас” борборун куруп жатат. Манас - бул улуттук өзөк, улуттук тирек, элдин аң сезими жана ою. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мамлекеттик ишмер Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

“Бүгүн баарыбыз биргеликте мезгил кутусун салдык. Менимче, бул "Манас" борбору бүтүндөй эл таазим кыла турган ыйык борборго айланат”, - деди ал.

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун “Манас” эпосун өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндөгү жарлыгынын негизинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында “Манас” борборлору ачылууда.

“Бул объект Манастын башкы үйү болот. Мындан ары улуу айкөлдүн руху элди колдоп, алдыга сүрөйт. Келечекке карай кең жол ачылат деп ишенебиз. Бүгүн манасчылар кезекке туруп, айрымдарына айтууга убакыт жетпей жатат. Ар бири "Манас" эпосунан үзүндүнү биринен бири ашыра айтканга аракет кылууда. Бул борбор куттуу болуп, руханий күчтүн ордосуна айлансын”, - деп белгиледи мамлекеттик ишмер.