Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Канатбек Калдаралиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Калдаралиев кызматка президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, ошондой эле КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык дайындалды.
Канатбек Калдаралиев — жогорку билимдүү, мамлекеттик башкаруу жана укук жаатындагы адистиктер боюнча магистр. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, мамлекеттик кызматтын ар кайсы тепкичтеринен өткөн. Акыркы кызмат оруну — Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.
Ал өзүн жоопкерчиликтүү жана уюштуруучулук жөндөмү жогору мамлекеттик кызматкер катары таанытып, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон.