Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Канаданын Тамблер-Ридж шаарындагы мектептеги ок атуудан каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, трагедиялуу окуянын кесепетинен 10 адам каза болуп, 27 адам жаракат алган.
"Учурда Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Канаданын тиешелүү расмий органдарынан болгон окуя боюнча толук маалымат алуу багытында зарыл иштерди жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.
ТИМ кырдаалга көз салууну улантууда. Кошумча маалымат берилет.