Камсыздандыруу уюму жарандарга бир жылда 400 млн сомдон ашык каражат төлөдү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 15:50
WhatsApp Image 2026-06-25 at 15.33.23.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга бир жылда 400 млн сомдон ашык каражат төлөдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун төрагасынын орун басары Алима Нурланова билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму милдеттенмелерин өз убагында аткарып, камсыздандыруу учурлары боюнча төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

“Өткөн жылдан бери уюм жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмдөрүн берди. Анын ичинен ОСАГО полиси боюнча төлөнгөн каражаттын көлөмү 100 млн сомдон ашты. Бүгүн да республика боюнча 7 млн сомдон ашуун, анын ичинде Бишкек шаары боюнча 3 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмдөрү берилүүдө”, - деди ал.

Нурланова белгилегендей, камсыздандыруу полиси жарандардын финансылык коопсуздугун камсыз кылган маанилүү инструмент болуп саналат.

“Унааңызды да, турак жайыңызды да камсыздандыруу зарыл. Күтүлбөгөн кырдаалдарда полиси бар жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. Акыркы жылдары өлкөдө сел кырсыктары көп катталып, жарандарга тиешелүү кенемтелер төлөнүүдө. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдө өрт кырсыктары да кездешүүдө. Мындай учурларда камсыздандыруу жарандарга олуттуу жардам көрсөтөт”, - деп билдирди Нурланова.