Акыркы жылдары камсыздандыруу системасы кырсыкка кабылган жарандар үчүн ишенимдүү финансылык колдоого айланууда. Өткөн бир жыл ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жеке жана юридикалык жактарга 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү. Анын ичинен ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн көлөмү 100 млн сомдон ашкан.
Бүгүн Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси жана турак жайды камсыздандыруу боюнча жарандарга жалпысынан 3 млн 195 миң 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Сертификаттарды тапшыруу аземи “Кабар” агенттигинде өтүп, аларды уюмдун төрагасынын орун басары Алима Нурланова жана Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов тапшырды.
Төлөнгөн каражаттын ичинен 792 миң сомдон ашыгы өрттөн жабыркаган турак жайдын ээсине берилсе, калган бөлүгү жол кырсыктарынан жабыркаган жарандарга ОСАГО полиси боюнча төлөндү.

Бир жылда 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланованын айтымында, уюм камсыздандыруу учурлары боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында аткарып келет.
“Өткөн жылдан бери жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 400 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Анын ичинен ОСАГО боюнча төлөмдөрдүн көлөмү 100 млн сомдон ашты. Бүгүн республика боюнча 7 млн сомдон ашуун, анын ичинде Бишкек шаарында 3 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү берилүүдө”, - деди ал.
Нурланованын белгилешинче, камсыздандыруу полиси күтүлбөгөн кырдаалдарда жарандардын финансылык коопсуздугун камсыз кылат.

“Акыркы жылдары өлкөдө сел жана өрт кырсыктары көбөйүүдө. Мындай учурларда полиси бар жарандардын чыгымдары камсыздандыруу компаниясы тарабынан жабылат. Ошондуктан унааны да, турак жайды да камсыздандыруу маанилүү”, - деди ал.
ОСАГО боюнча төлөмдөр жума сайын жүргүзүлүүдө
Уюмдун Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов камсыздандыруу төлөмдөрү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
“Бүгүн дагы камсыздандыруу сертификаттарын тапшырып жатабыз. ОСАГО жөнүндө мыйзам буга чейин кабыл алынганы менен аны милдеттүү колдонуу 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген. Ошол убакыттан бери көптөгөн жарандар камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты”, - деди ал.

Өрттөн жабыркаган үй ээси 792 миң сом алды
Бүгүнкү төлөмдү алган жарандардын бири — Бишкек шаарынын тургуну Алия Уланова. Анын эки бөлмөлүү батири ушул жылдын май айында чыккан өрттөн жабыркаган.
Уланованын айтымында, ал батирин былтыр камсыздандырган.
"9-май күнү батирибиз өрттөнүп кетти. Үйүмдү камсыздандырганда мындай көлөмдө төлөм алам деп ойлогон эмесмин. Кырсык болгондон кийин тиешелүү документтерди тапшырдык. Бүгүн 792 миң 300 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмүн алып жатам. Бардык жарандарды турак жайларын алдын ала камсыздандырууга чакырам", - деди ал.

Ошондой эле бүгүн төлөм алган жарандардын арасында Бишкек шаарынын тургуну Кутманбек Махамат уулу да болду. Анын унаасы 23-июнда жол кырсыгына кабылган.
"Төлөмдү эки айда алабыз деп ойлогонбуз. Бирок бардык жол-жоболор тез бүткөрүлүп, камсыздандыруу төлөмүн алдык", - деди ал.
Камсыздандыруу – социалдык колдоонун бир бөлүгү
Марат Кудайбергеновдун айтымында, климаттын өзгөрүшү менен сел, жер титирөө жана өрт сыяктуу кырсыктар көбөйүп жаткан шартта камсыздандыруунун мааниси дагы жогорулады.
"Мурда табигый кырсыктардан жабыркагандарга мамлекеттик ссуда берилчү. Азыр анын ордуна камсыздандыруу системасы иштеп жатат. Бул – мамлекеттин жарандарына көрсөткөн социалдык колдоосунун бир түрү", - деди директор.
Анын айтымында, турак жайды камсыздандыруу баасы шаар жеринде жылына 1200 сом, айыл жеринде 600 сом. Камсыздандыруу учуру катталса, жарандар 1 млн сомго чейин камсыздандыруу төлөмүн ала алышат.

Жыйынтыгында Кудайбергенов жарандарды турак жайларын, унаалары жана жарандык жоопкерчилигин алдын ала камсыздандырууга чакырды.
Эскерте кетсек, ОСАГО полисинин баасы орточо 2–3 миң сомду түзөт. Бир жабырлануучунун автоунаасына келтирилген зыян үчүн 150 миң сомго чейин, ал эми бир жол кырсыгында бир нече автоунаа жабыркаса жалпы 450 миң сомго чейин камсыздандыруу төлөмү каралган.

Уюм март айында "КАСКО-экстра" жана "КАСКО-эконом" камсыздандыруу полистерин киргизген. "КАСКО-экстра" ОСАГО менен чогуу берилип, төлөмү 2 миң сомду түзөт жана аны менен ОСАГО сыяктуу эле 150 миң сомдук кенемте алууга болот.
Ал эми "КАСКО-эконом" пакети менен төлөмдөр 7-10 миң сомдун тегерегинде, кенемтелер 200 миңден 300 минге чейин деп бекитилген.
Маалыматтык колдоо
Ошондой эле маалымат жыйында Камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынын жетекчиси Илич Кулназаров медиа чөйрөсүндө камсыздандыруу маданиятын жайылтууда “Кабар” агенттигинин салымы чоң экендигин, элге жайылтууда колдоо көргөзүп келерин белгилеп өттү.

Ал эми “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев уюмдун ишин жогору баалап өттү.
“Былтыркы жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке киргизилип, жакшы жыйынтыгын берип жатат. Кайсы гана жаран кырсыкка учурбасын уюм бирөөнү дагы жардамсыз калтырган жок. “Кабар” агенттиги маалымат таратуучу катары уюмдун бардык иштеринен кабардар”, - деди ал.