Камчыбек Ташиев сурактан чыкты – видео

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:10
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин Тергөө кызматынан сурактан чыкты.

Имараттын алдына бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чогулган. Бирок Камчыбек Ташиев журналисттерге эч кандай комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, ИИМ буга чейин Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдаган.