Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат – ИИМ

Коом 19 март 2026 10:50
Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат – ИИМ

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын мурдагы айрым кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, камакка алынган болчу.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан 10-февралда бошотулган.