УКМКдагы коррупция: Ишкерлердин мүлкүн тартып алган кызматкерлер аныкталды

Укук тартиби 18 март 2026 16:30
УКМКдагы коррупция: Ишкерлердин мүлкүн тартып алган кызматкерлер аныкталды

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден, кылмыш иштеринин фигуранттарынан акча жана мүлктөрдү мыйзамсыз алып келишкен. Алар каражаттарды "мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатабыз" деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды. Мындай жол менен шектүүлөр жеке материалдык кызыкчылыктарын көздөшкөн.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголду.