Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды

Укук тартиби
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Алдыга
Артка
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Ысык-Көлдө үч браконьер 231 балык менен кармалды
Алдыга
Артка
copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Түп районундагы Кичи-Өрүктүү айылынын тушунда мыйзамсыз балык уулап жүргөн үч жаран кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, алардан жалпысынан 231 балык табылган.

Рейд учурунда шектүүлөр синтетикалык торлорду колдонуп, үйлөтмө кайык менен балык уулап жүрүшкөн.

Табылган балыктардын 225и сига-лудога, төртөө Ысык-Көл форели, бирөө судак жана дагы бири лещ болгон. Жаратылышка келтирилген зыян 472 миң 680 сомго бааланган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, үч шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.