Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Орто-Токой суу сактагычында түнкү рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган эки жаран аныкталып, алардан мыйзамсыз кармалган балыктар алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн. Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычынан мыйзамсыз кармалган 17 даана сига (лудога) балыгы табылган.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, тиешелүү токтомдор чыгарылды.
Мындан тышкары, балык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 17 170 сом өлчөмүндө доо коюлду.