Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Чүй облусунун Кош-Коргон айылынын аймагындагы тиричилик калдыктары төгүлгөн мыйзамсыз жай тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн.
Анын жүрүшүндө таштандылар атайын бөлүнбөгөн жерге мыйзамсыз төгүлгөнү аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик аймакты таштандыдан тазалаган. Ал эми мыйзам бузууга жол берген адамдарга мыйзам чегинде административдик чаралар көрүлгөн.