Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда тараган видеонун негизинде Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде белгиленбеген жерде от жагуу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга карата административдик чара көрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз жарандардын көл жээгине чатыр тигип, анын ичинде от жагып жаткандыгы тартылган видео жарыяланган.
Аталган маалымат боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы тастыкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин көл жээгиндеги аймакта болгону аныкталды.
Жыйынтыгында белгиленбеген жерде от жаккандыгы үчүн күнөөлүү жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесине ылайык административдик чара көрүлдү.