Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Укук тартиби
Жалал-Абадда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Сузак жана Ноокен райондорунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынан жана Ноокен районунун Арал айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынан уруксат документтери жок кум-шагыл казылганы аныкталган.

Натыйжада ар бир жаранга 13 миң сомдон айып пул салынып, жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.