Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Токмок шаарында унаалардан чыккан зыяндуу заттарды текшерүү боюнча экологиялык рейд жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, текшерүүдө 5 унаадан зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашык бөлүнүп чыгып жатканы аныкталды.
Бул фактылар боюнча протоколдор түзүлүп, айдоочуларга жалпы 53 миң сом айып пул салынды.
"Ошондой эле аларга абанын булганышынын кесепеттери жана унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.