Жыл башынан бери абаны булгагандарга 8, млн сом айып салынды

Экология
Жыл башынан бери абаны булгагандарга 8, млн сом айып салынды

Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери ишканаларды жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүүнүн жыйынтыгында атмосфералык абаны коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жалпы 8 млн 172 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу ”Кабар“ агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын укуктук жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Абдумалик уулу билдирди.

Анын айтымында, атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу максатында өлкөнүн бардык аймактарында текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Өзгөчө ири ишканаларга, отканаларга жана атмосферага булгоочу заттарды бөлүп чыгарган башка объекттерге көңүл бурулууда.

”9-октябрда президенттин администрациясы тарабынан тиешелүү тапшырма берилген. Ага байланыштуу мамлекеттик жана жеке менчик отканаларды, ошондой эле атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган объекттерде орнотулууга тийиш болгон чаң-газ тазалоочу түзүлүштөрдүн, тактап айтканда, чыпкалардын бар-жогун жана абалын текшерип жатабыз”, — деди ал.

Кызматтын өкүлүнүн маалыматына караганда, абанын булганышына байланыштуу тургундардан көптөгөн кайрылуулар түшкөн Кара-Балта шаарында да текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынууда. Мындан тышкары, айрым учурларда экология жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу боюнча сунуштар киргизилүүдө.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы

Чыңгызбек Абдумалик уулунун маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренеси боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата 141 протокол түзүлгөн. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 3 млн 552 миң сомду түзгөн.

Жалпысынан республика боюнча атмосфералык абаны коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 230, 234, 253-беренелери жана 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 488 протокол түзүлгөн. Айып пулдардын жалпы суммасы 8 млн 172 миң 500 сомго жеткен.

Аталган беренелер атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу эрежелерин бузуу, транспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашыкча бөлүнүп чыгышы, өсүмдүктөрдү өрттөө эрежелерин бузуу жана калдыктарды өрттөө үчүн жоопкерчиликти карайт.

Кызмат ишканаларды текшерүү жана атмосфералык абанын булганышын алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте уланып жатканын белгиледи.