Араванда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 жаран аныкталды

Укук тартиби 8 октябрь 2026 09:55
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 жаран аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Араван районунун аймагында рейддик иш-чара өттү.

Рейддин жүрүшүндө аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 жаран аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп, тиешелүү өлчөмдө айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда жергиликтүү тургундар арасында аңчылык кылуу жана балык уулоо эрежелерин так сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу жана мыйзам талаптарын бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.