Бишкек, 14.10.26 /Кабар/. Чүйдүн Москва районунда мыйзамсыз аңчылык кылган жаранга 10 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Чүй аймактык башкармалыгы мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзгөн. Рейд учурунда Москва районундагы №5 коргоого алынган аймакта пневматикалык куралды уруксат берүүчү документтерсиз унаасында алып жүргөн жаран аныкталган.
Унааны текшерүүдө мыйзамсыз олжолонгон кыргоол жана балыктар табылган. Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзам талаптарын бузган жаранга 10 миң сом айып салынган.