Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Оор айыптар тагылып, чет өлкөдөн кармалып келген К. С. Мге карата бөгөт коюу чарасы 13-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биричи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 13-октябрындагы токтому менен Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.
Белгиленгендей, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 41-беренесинин 2-бөлүгү, 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыпталып жаткан К. С. М.ге карата мурда белгиленген камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин узартылды.
Эске салсак, күн мурун массалык башаламандыкка чакыруу фактысына шектелген К.С. аттуу чет өлкөнүн аймагында жүргөн жаран кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.