Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд 4–6-ноябрь күндөрү шаардагы аялдамаларда жана автобус каттамдарында жүргүзүлөт. Текшерүүлөр эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана кечки саат 17:00дөн 20:00гө чейин уюштурулууда.
Анда автобустардын техникалык абалы, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин жана бекитилген каттам графигин сактоосу, ошондой эле автобустардын линияга өз убагында чыгышы текшерилүүдө. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөө тартибине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле жол кирени накталай эмес төлөө системасынын иштеши көзөмөлдөнүп, жол кирени төлөбөй жүргөн учурлар аныкталууда.
"Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп белгилешти мэриядан.