Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү учурунда 9 административдик протокол түзүлүп, жалпы 102 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө унаалардан чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемден ашуусу боюнча 7 протокол түзүлүп, 68 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөттөрүндө таштандыга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталып, 34 миң сом айып пул салынды. Жооптуу тараптарга таштандыларды тазалоо жана аймактарды таза кармоо боюнча эскертмелер берилди.