Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Эсептөө палатасынын кеңешинде Ош шаарынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудити каралды.
Мекемеден билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча талаптагыдай түзүлгөн жана бекитилген жыйынды баланстын жоктугуна байланыштуу, мэриянын 2025-жыл үчүн финансылык отчеттуулугунун толуктугу жана аныктыгы жөнүндө аудитордук пикир билдирүү мүмкүн болгон жок.
Текшерүүдө бюджеттик каражаттарды пайдалануу, муниципалдык мүлктү башкаруу, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик сатып алууларда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар ачыкталды.
Аудит ачыктаган негизги жагдайлар:
- Шаар бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго көбөйгөнү менен, анын 95 пайызы (6,0 млрд сому) республикалык бюджеттен камсыздалган.
- Чечимдердин бир адам тарабынан кабыл алынышы жана объекттерди ыкчам буздуруунун натыйжасында мамлекет тарабынан 11,5 млрд сомдон ашык компенсация төлөө зарылдыгы келип чыккан.
- Эч кандай документсиз, мурунку мэрдин тапшырмасы менен 3,6 млрд сомдук курулуштар башталган. Мунун айынан подрядчыларга 2,5 млрд сом карыз чогулуп, каржылоо булагы жок 3,0 млрд сомдук бүтпөгөн объекттер топтолгон.
Муниципалдык мүлктүн жетишсиздиги жана миллиарддаган каражатты мыйзамсыз ээлеп алуу тобокелдиктери боюнча материалдар укук коргоо органдарына жана Башкы прокуратурага жиберилүүдө.