Чүйдө аңчылык эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылды

Укук тартиби
Чүйдө аңчылык эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Чүй облусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда аңчылык эрежелерин бузган фактылар аныкталып, эки административдик протокол түзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мыйзам бузуулар рейд учурунда аныкталды.

Текшерүүдө аңчылар уруксат берилген жолдомодо көрсөтүлбөгөн аймакта аңчылык кылганы, аңчылык итине тиешелүү күбөлүгү жок болгону жана караңгы убакта аңчылык жүргүзгөнү белгилүү болгон.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик чаралар көрүлдү.