Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Чүй облусунун өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Анда акыйкатчынын мониторингинин жыйынтыгы боюнча сунуштамасында көрсөтүлгөн маселелер жана Чүй облусунун прокуратурасынын Чүй жатак мектебинде аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасында белгиленген жагдайлар каралды.
Комиссиянын мүчөлөрү тиешелүү материалдарды талкуулап, аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кайталанышына жол бербөө боюнча сунуштарды беришти.