Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды

Укук тартиби
Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды
Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды
Алдыга
Артка
Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды
Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров төрт баласын беш жылдан бери көрө албай келген эненин кайрылуусунан кийин балдарды энесине кайтаруу тапшырмасын берди.

Бул тууралуу мамлекет башчысынын Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда төрт баланын энеси Аруу Эмилбекова 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан улам жолдошу менен ажырашканын айтып берди. Анын айтымында, мурдагы жолдошу турак жайы жок деген негизде балдарды өзүнө алып калган. Соттун чечими менен алимент төлөп баштаганына карабастан, беш жылдан бери балдары менен жолугуша албай келген.

Президент 5 жылдан бери энесине көрсөтүлбөй келген төрт баланы кайтарууну тапшырды

Анын билдиришинче, 2024-жылы сот балдардын энеси менен жолугуп туруусуна уруксат берген чечим чыгарган. Бирок мурдагы жолдошу бул чечимди аткарбай, балдарын энеси менен көрүштүрбөй келген.

Балдарынын улуусу 12де, кичүүсү 6 жашта. Аруу Эмилбекова мурдагы жолдошу балдарына апаңар каза болгон деп айтып келгенин белгиледи. Жакында балдары социалдык тармактар аркылуу энеси менен байланышып, атасы тарабынан кордук көрүп жатканын билдиришкен. Натыйжада эки кызы үйдөн качып, энесине келген. Аялдын айтымында, кыздардын денесинде көгала тактар болгон.

Президент тиешелүү органдарга иштин жагдайларын карап чыгып, төрт баланы тең энесине кайтаруу тапшырмасын берди.

“18 жашка чыга элек балдар энеси менен болушу керек. Мындай зомбулук көрсөтүүгө болбойт”, — деди Садыр Жапаров.