Калыс-Ордо конушунда мектепке 650 орундуу окуу корпусу курулууда

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-08-03 at 14.58.57.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган.

Долбоор боюнча мектеп үч блоктон туруп, аянты 1217 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы жайгашат.