Алгачкы жолу мед колледждер аккредитациядан өткөрүлдү – министрлик

Ден соолук Загрузка... 13 Июль 2026 14:40
zhurnaly_-vrach-v-khalate-i-s-fonendoskopom-derzhit-nauchnuyu-knigu.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Саламаттык сактоо министрлиги орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, атайын түзүлгөн эксперттик комиссия өлкөдөгү бардык медициналык колледждердин билим берүү сапатын, кадрларын жана материалдык базасын текшерип чыгып, аккредитациялык кеңештин жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

1. Үлгүлүү колледждер (6 жылдык мөөнөткө аккредитация алгандар):

Бул окуу жайлар мамлекеттик стандарттарга толук жооп берген:

  • Талас, Нарын, Майлуу-Суу жана Кызыл-Кыя медициналык колледждери;
  • И.К. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи;
  • С. Тентишев атындагы Азия медициналык университетинин колледжи;
  • Эл аралык жогорку медицина мектебинин Орто медициналык билим берүү борбору.

2. Толуктап иштеп чыгууну талап кылгандар (1 жылдык мөөнөткө гана алгандар):

Бул тизмеге ири окуу жайлар, анын ичинде Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта медициналык колледждери жана ОшМУ, КУУ сыяктуу алдыңкы ЖОЖдордун алдындагы медициналык колледждер кирди. Аларга кемчиликтерди жоюуга 1 жыл убакыт берилди.

3. Сыноодон өтпөй калгандар (Аккредитация берүүдөн баш тартылды):

Бул окуу жайлардын билим берүү сапаты жана базасы талапка жооп берген эмес:

  • №1 Медико-фармацевтикалык колледж;
  • Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи;
  • Кочкор-Ата регионалдык колледжи;
  • "Авиценна" Эл аралык медицина университетинин медициналык колледжи;
  • "Уникум" Кыргыз медициналык-социалдык колледжи;
  • К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин "Медайымдык иш" жана "Дарылоо иши" программалары.

Саламаттык сактоо министрлиги бул кадам өлкөдөгү медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу жана калктын медициналык билим берүүгө болгон ишеничин бекемдөө үчүн жасалганын баса белгиледи.