Кайра жаралган “Ак-Кеме”, саммиттердин аянтчасы “Ырыс Ордо”: Ири курулуштар доору

Коом 25 Август 2026 12:20
778972790_145726205.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда акыркы жылдары ири курулуштардын саны артып, борбор калаада жана аймактарда заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда. Алардын катарында 24-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектеги жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы жана “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору ачылды. Бул объектилер менен катар өлкөдө энергетика, туризм, транспорт, өнөр жай жана башка тармактарда да масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Кароосуз калган “Ак-Кеме” беш жылдыздуу мейманкана болду

Бишкекте жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы расмий ачылды. Мамлекет башчысы мейманкана бир кезде чет өлкөлүк конокторду кабыл алып, эл аралык жолугушууларды жана иш-чараларды өткөргөн маанилүү объект болгонун белгиледи.

Бирок убакыттын өтүшү менен имарат кароосуз калып, дээрлик иштебей калган. 2023-жылы “Ак-Кеме” президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, андан соң инвестиция тартылып, толук жаңылоо иштери башталган.

Жаңылоо учурунда мейманкананын инженердик системалары, техникалык жабдуулары жана инфраструктурасы жаңыртылып, ички жана сырткы көрүнүшү заманбап талаптарга ылайыкташтырылды.

Жыйынтыгында “Ак-Кеме” кайрадан беш жылдыздуу мейманкана катары иштей баштады. Анда 174 номер, конференция жана ишкердик жолугушуулар үчүн залдар, ресторандар, спорттук жана эс алуу жайлары бар.

“Ак-Кеме” үчүн соттук талаш кантип чечилди?

“Ак-Кеменин” тарыхында мейманкананын айланасындагы соттук талаш да өзгөчө орунда турат.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, мейманкана Аскар Акаев президент болуп турган учурда түрк ишкерлери тарабынан курулган. Кийинчерек объектке байланыштуу талаш жаралып, ишкер Нью-Йорк сотуна кайрылып, Кыргызстанга имаратты кайтарып берүү же 16,5 миллион доллар төлөө талабы коюлган. Кийинчерек бул сумма 30 миллион долларга чейин өскөн.

“Биз келгенден кийин түрк ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жетиштик. 2023-жылы 6,5 миллион доллар төлөп берүү боюнча макулдашып, алар соттогу доосун кайтарып алышты. Бул сүйлөшүүлөр 2021-жылдан бери эки жылга созулган”, — деди Жапаров.

Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, эгер тараптар макулдашууга жетише албаганда, чет өлкөдөгү кыргыз мүлктөрүнө, анын ичинде Улуттук банктын Швейцарияда сакталган алтындарына байланыштуу да доо коюу коркунучу жаралмак.

Ай сайын 60 миң доллар киреше алып, кийин мамлекетке өтөт

Маселе жөнгө салынгандан кийин “Ак-Кеме” инвесторго 15 жылга ижарага берилген. Келишимге ылайык, имарат беш жылдыздуу мейманкана катары иштеп, мөөнөт аяктагандан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, мамлекет ай сайын 60 миң доллар өлчөмүндө ижара акы алат. Демек, объектти жөн гана сактап калуу эмес, аны киреше алып келүүчү мамлекеттик активге айландыруу максаты коюлган.

“Ырыс Ордо” — эл аралык саммиттер үчүн жаңы аянтча

Кыргызстандагы ири курулуштардын жаңы этабын көрсөткөн дагы бир маанилүү объект — Бишкекте ачылган “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору.

Президент Садыр Жапаров борбордун ачылышында бул объект Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейте турган заманбап аянтча экенин белгиледи.

Жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашкан комплекс бир убакта 2 миңден ашуун конокту кабыл алууга ылайыкталган. Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 орундуу банкет залы, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө арналган атайын залдар жайгашкан.

Мындан тышкары, расмий делегациялардын башчыларын жана жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган сегиз конок үйү курулган.

“Ырыс Ордо” эл аралык дипломатия үчүн жаңы аянтча болобу?

“Ырыс Ордонун” негизги өзгөчөлүгү — анын мамлекеттик иш-чаралар менен гана чектелбегендигинде. Бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын жолугушууларын, эл аралык форумдарды, расмий кабыл алууларды жана коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, борбор келечекте Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин, Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка эл аралык түзүмдөрдүн жогорку деңгээлдеги иш-чараларын өткөрүүчү аянтча боло алат.

“Мындай ири иш-чаралардын өтүшү менен Кыргызстандын эл аралык аброю жана геосаясий имиджи артат. Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан өлкөбүз ири чечимдер кабыл алынуучу эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айланат”, — деди өлкө башчысы.

Анын пикиринде, бул жерде кабыл алынган маанилүү чечимдер жана түзүлгөн эл аралык келишимдер келечекте Кыргызстандын дипломатиялык тарыхынын бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн.

Ири курулуштар өзгөрүүнүн көрсөткүчү катары бааланууда

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Ырыс Ордону” масштабдуу жана өзгөчө архитектуралык чечимдер менен курулган объект катары баалады. Анын айтымында, борбордо заманбап стиль менен тарыхый мотивдер айкалышкан.

“Андыктан ал биздин мамлекеттин статусуна татыктуу, чет элден келген ар кандай деңгээлдеги конокторду тосо ала турган жай болот. Менин бир гана каалоом бар. Бул зал жогорку даражалуу коноктор үчүн гана эмес, карапайым эл үчүн дагы ачык болушу керек. Мамлекеттик иш-чаралардан кийин маданий, илимий иш-чаралар өткөрүлүп, жөнөкөй адамдар да кирип турса, анда ал накта элдик үйгө айланат”, — деди Текебаев.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев “Ак-Кеме” мейманканасы менен “Ырыс Ордо” борборунун ачылышын өлкөдө акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн көрүнүшү катары баалады.

Анын айтымында, өзгөрүүлөр инфраструктура менен гана чектелбестен, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда да жүрүп жатат.

“Экономика элдин байлыгы, жашоо-турмушу болгондуктан, биз ага көңүл буруп, өнүктүрүүгө аракет жасашыбыз керек”, — деп белгиледи Чынгышев.

Кыргызстандагы ири курулуштардын жаңы доору

“Ак-Кеме” менен “Ырыс Ордодон” сырткары акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Бишкекте 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена”, жаңы “Ош” базары жана автобекет сыяктуу объектилер курулуп жатат. Аймактарда аэропорттор жаңыланып, жаңы аэровокзалдар салынууда.

Талас облусунда “Манас Ордо” жана “Чыңгыз Ааламы” тарыхый-маданий комплекстери жаңыланып, курулуп жатса, Ысык-Көлдө “Тамчы” эркин экономикалык аймагынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана “Асман” жаңы шаарын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары, өлкө боюнча энергетикалык объектилер, завод-фабрикалар, стратегиялык унаа жолдору жана темир жолдор курулуп, жаңыланууда.

Бул долбоорлордун негизги максаты — өлкөнүн инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, экономикалык активдүүлүктү күчөтүү жана Кыргызстанды инвестиция, туризм жана эл аралык кызматташтык үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу.

“Өз күчүбүзгө таянып өнүгүү” багыты

Президенттин маалыматына ылайык, “Ырыс Ордо” жана “Бишкек Арена” долбоорлорунун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — алар толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулган.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алганын белгилеп, муну өлкөнүн өз күчүнө жана ресурстарына таянып өнүгүп жатканынын көрсөткүчү катары баалады.

Ошол эле учурда ири мамлекеттик курулуштардын мааниси алардын курулуп, ачылышы менен гана чектелбейт. Эң негизгиси — бул объектилерди мындан ары натыйжалуу пайдаланып, өлкөнүн экономикасына, туризмине, инвестициясына жана коомдук жашоосуна реалдуу пайда алып келүү.

Жаңы курулуштар өзүн актап, узак мөөнөттүү кызмат кылып, эл үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөндө гана алардын экономикалык жана социалдык мааниси толук ачылат.