Экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон ишкерлер сыйланды

Коом 18 сентябрь 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.35 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-18 at 14.01.35 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигинде Ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Министрликтен билдиришкендей, бул кесиптик майрам жыл сайын 20-сентябрда белгиленет.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова бул майрамга карата өткөрүлгөн иш-чарада ишкердик Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшүндө, жумуш орундарын түзүүдө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууда негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Беназир Нурланова бир катар номинациялар боюнча ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө статуэткаларды тапшырды:

  • «2026-жылдын жаш ишкери» — 3 ишкер;
  • «2026-жылдын ишкер айымы» — 10 ишкер айым;
  • «2026-жылдын жашыл ишкери» — 7 ишкер;
  • «2026-жылдын компаниясы» — 7 компания;
  • «2026-жылдын ишкери» — 8 ишкер.

Ошондой эле бизнестин бир катар өкүлдөрү Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Кыргызстандын алдыңкы бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мамлекеттик органдар менен кызматташууну улантууга жана өлкөдө ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердиктин өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү 51,7 пайызды, ал эми түзүлгөн кошумча нарктын көлөмү дээрлик 641 млрд сомду түздү.

2026-жылдын 6 айында чакан жана орто ишкердиктин өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 35,6 пайызды, дүң кошумча нарктын көлөмү 341,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга өстү.

2026-жылы Чакан жана орто ишкердикти 2030-жылга чейин колдоо жана өнүктүрүү программасы бекитилди. Документте каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, аймактарда ишкердикти өнүктүрүү, өндүрүштү модернизациялоого жана ата мекендик компаниялардын жаңы рынокторго чыгуусуна көмөк көрсөтүү каралган. Ишкер аялдарды жана жаштарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын консорциуму түзүлдү. Анын милдети — бизнести каржылоо, окутуу жана сатуу рынокторун табууга көмөк көрсөтүү механизмдерин бириктирүү. Учурда Консорциумдун катышуучуларынын биргелешип иштөө тартиби иштелип чыгууда жана кошумча колдоо тартуу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Министрлик ошондой эле ишкерлер үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана колдоо чараларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган "Бизнес-Түндүк" тиркемесинин үстүндө иштеп жатат. Аны иштеп чыгууга бир млн АКШ доллары тартылды.

"Пайыздык чендерди мамлекеттик субсидиялоо механизминин аркасында чакан жана орто бизнес 7,7 миллиард сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алды. Каражаттар ишканаларды өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталды", - деп белгилешти министрликтен.