Кадимки болоттон эки эсе бекем: Австралияда жаңы металл эритмеси жасалды

Дүйнө Загрузка... 10 Июль 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-07-10 at 09.01.45.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Австралиядагы Монаш университетинин окумуштуулары өзгөчө бекем металл эритмесин жасоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу Белта кабарлады.

Жаңы ыкмада гафний, ниобий, тантал, титан жана цирконий сыяктуу беш металл аралаштырылып, алгач жогорку температурада эритилет. Андан кийин эритме 550 градуска чейин муздатылып, болжол менен 32 саат кармалат. Бул процесстин жүрүшүндө металлдын атомдору иреттүү жайгашып, материалдын бекемдиги кыйла жогорулайт.

Бул жаңы эритмени окумуштуулар RHEAD деп аташты. Сыноолор анын кадимки болоттон эки эсе, алюминийден үч эсе жана мурдагы ыкма менен жасалган ушул эле эритмеден эки эсе бекем экенин көрсөткөн. Ошол эле учурда материал ийкемдүүлүгүн да сактап калган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул технология азыркы ыкмаларга салыштырмалуу үнөмдүү жана экологияга зыяны азырак болуп саналат. Муну келечекте башка металл эритмелерин өндүрүүдө да колдонууга болот.